Чек арадагы жаңжалда уурдалган автоунаа, мал-жандыктар кайтарыла элек

0
 

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Тажикстан тарапка Лейлектен жети жүк ташуучу автоунаа, 36 жеңил автоунаа жана 509 бодо мал айдалып кеткен. Алардын бирөө да кайтарыла элек. Бул тууралуу райондун акими Алмазбек Рахманкулов "Азаттыкка" билдирди.

"Үч жүк ташуучу унаа жаңжалга чейин кирген экен. Төртөөнү кийин айдап кирип кетишкен. Мен Гафуров районунун акими менен сүйлөшкөм. Жалпы 36 жеңил машине, бусиктер, "Портер" үлгүсүндөгү автоунаалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин бирөөсү да чыкпады. Бир нече жолу жолугушуу учурунда айттым, аким андай техника жок деп жатат".

Рахманкулов Тажикстандын Гафуров районунун акимине кат менен кайрылганын, бирок кат түрүндө жооп ала электигин кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.

Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17733