Соцтармакка айдоочудан пара алып жатат делген инспектордун видеосу тарады

0

Интернетке Ош шаарында жашаган айдоочу менен инспектордун видеосу тарады.

Камерага тартып алган киши патрулдук милициянын кызматкери айдоочудан пара алганын айтууда, бирок тартип сакчы жарандан чын эле акча алганы видеодо даана көрүнгөн эмес. Инспектор алганын папкасына салып, айдоочуну коё берген.

Ош шаарындагы милициянын Патрулдук кызмат башкармалыгы кызматтык териштирүү башталганын кабарлады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17742