"Бешбармак жана Париж. Кыялдар орундалат"

0

Владислав Шуликого дем-күч берген элден тышкары, ал оюнда элестеткен бешбармак болгон

Телеберүү, радио, интернет сайт, айтор массалык маалымат каражаттарынын баарында байма-бай айтылган, акыркы күндөрү өзүнчө бир кыргыз спортунун брендине айланып, Баатырбек лакап атына конгон эл аралык класстагы спорт чебери Владислав Шулико уюштуруучулар менен биргеликте жыйынытктоочу пресс-конференция берди. Буга чейин көпчүлүктүн оюна да келбеген идеяны ийгиликтүү ишке ашырып, эл сыймыгына, сыйына, мактоосуна тойбой турган учуру.

"Чарчаган жокмун. Бир секундка дагы токтош керек деген ой болгон жок. Мени карап, жабыла жан тартып турган журтумду, өлкөмдү уяткара алган жокмун. Биздин ураан, СПОРТ - бул таажы вирусуна каршы эң мыкты вакцина!",- деген эмоциялары менен спортчу бөлүшүп, Кыргызстандын атагын алыска таратуу, желегин желбиретүү башкы максат экенин баса белгиледи. Айтымында дем-күч берген элден тышкары, ал оюнда элестеткен бешбармак болгон.

"Алсырай баштаганда бешбармакты жеп жатканымды элестетип, улам күүлөнүп жаттым".

Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырымга сүзүү пландалганы менен, иш жүзүндө андан 30 чакырым аралыктай алысыраак өткөн. Спортчу сууда жалгыз сүзгөнү менен жанында жандаган машыктыруучу, доктур, массажист жана эң негизгиси башынан ишенип, бардык жактан колдоп берген уюштуруучу, жеке ишкер Турусбек Мамашевдин аракети арбын.

- Быйыл Ысык-Көлдү сүзуп өтөйүн деп айтып калды. Анан мен таң калдым, ушундай аралык оңой эмес да. Бала кезинен эңсегенин айтып, жанган отун көзүнөн байкадым. Быйыл сөзсүз сүзуп өтөм деп ынандырды. Мен колуман келген топту түзүп, уюштуруу комитети менен бирге кудайга шүгүр, рекорд коюлду. Кыргыздарда болгон касиеттин баарын ичине батырган, Баатырбек атыккан кичинекей 21 жаштагы бала дүйнөгө Кыргызстанды даңазалады. Мындай жаштарга колдосо колдорунан баары келет.

Алты күндө алты миллиондон ашык кыргызстандыктардын сыймыгы болуп, дүйнөнүн кыйырын кызыктырган Владимир Шуликону спортко 5 жашында чоң апасы алып келген. А биргок, ал кезде кичинекей экен деп машыктыруучулар алуудан алгач баш тарткан. Кабыл алуусуна ага чейин арбын аракети менен сүзүүдө артыкчылыктары бар бир тууганы аркылуу кабыл алынган. Ошол мезгилден эле тырышчаактык Владимирдин канында кайнап турса керек. Башынан Кыргыз берметин сүзуп өтүүнү кыялданып, узак убакыттан бери улам күч топтоп даярдыгын күчөткөн. Старт алдында Караколодо 15 күн тынымсыз машыгуу жүргөн. 2021-жылы Парижде өтө турган олимпиадалык оюндарында алтын алууга, ал гана эмес эмкисинде Ысык-Көлдү тегеренип сүзүүгө даяр экенин билдирди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17750