«Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жол кырсыктарынын саны, андан каза болгондор да, жаракат алгандар да көбөйдү. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатат. Айдоочулар ката кетиришет же жол эрежесин билбейт. Ошондой эле айдоочулар жолдо өзүн маданиятсыз алып жүрөт».
2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. 754 адам каза болгон (анын 93ү бала), алардын 324ү (анын 34ү балдар) жети айда катталган.
2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган.