COVID-19: Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат

0
 

Кыргызстанда 2-сентябрга карата коронавируска каршы 12 миң 601 киши эмдөөдөн өттү. Алардын 7,5 миңге жакыны эмдөөнүн толук курсун өткөн. Калганы вакцинанын биринчи дозасын алды.

Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 3-сентябрда кабарлады. Ушуну менен эмдөөдөн өткөн жарандардын жалпы саны 1 млн. 155 миңге жакындады.

Алардын 691ге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алса, 463 миңден ашууну эмдөөнүн толук курсунан өткөн.

Учурда Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу Студенттик бейтапкананын башкы дарыгери Миңбай Жороев 3-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, эмдөө пункттарынын ичинде үй-бүлөлүк медицина жана соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү 1-сентябрдан баштап калкты массалык эмдөө боюнча акция жарыялады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17792