Вице-мэр Азамат Сагындык уулу ээлеген кызматынан бошотулду

0

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин, Азамат Сагындык уулу жер маселеси, шаар куруу жана архитектура жагын жетектеп келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17793