Конгантиев: жол кире маселесин мэрия чечиши керек

0

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу жана жол кире маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу маалымат шаардык кеңештин Facebook баракчасына жарыяланды.

 

Анда жол кире маселесин шаардык кеңештин тийиштүү комиссиялары карап баштаганын, жакын арада бекитиле турганы айтылган. Конгантиев бул маселени мындан ары мэрия өз алдынча чече тургандай жолдор караларын белгилеген.

 

"Бишкекте коомдук транспортко тариф 10 жылдан бери өзгөргөн эмес. Жол кире тууралуу сөз болгон учурда эле мэрия депутаттарга шылтап, ошолор гана чечет деп келет. Шаардык кеңеш коллегиалдуу орган болгондуктан, комиссияларда, жумушчу топтордо карап, алымча-кошумча кылганча убакыт созулуп кетет. Ошондуктан тарифтерди бекитүү укугун тактап, мэрияга өткөрүп берүү маселесин карашыбыз абзел", - деген Конгантиев.

 

Буга чейин Конгантиевдин "жол кире маселесин мэрия чечиши керек" деген пикири сынга кабылып, коомчулукта жоопкерчиликтен качуу катары бааланган.

 

Шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары 2-июндан тартып жапырт иш таштаган. Алар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүп берүүнү мэриядан талап кылган. Мэрия бул маселени өз алдынча чече албастыгын, мындай артыкчылык шаардык кеңеште экенин билдирген болчу.

 

Бишкекте жүргүнчүлөргө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Анда үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17808