Мирланбек Байгончоков Бишкектин экономика жана каржы боюнча вице-мэри болду

0

Мирланбек Байгончоков Бишкектин экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка мэр Айбек Жунушалиев бүгүн 3-сентябрда кол койду.

 

46 жаштагы Байгончоков буга чейин өлкөнүн экономика жана каржы министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

 

Борбор калаанын экономика жана каржы маселелерине жооптуу вице-мэрлик кызматты быйыл июнь айынан бери Максатбек Сазыкулов аркалап келген. Бүгүн ал биринчи вице-мэр болуп дайындалды.

 

Мындан тышкары бүгүн Бишкектин жер, архитектура жана курулуш маселелерин тейлеген вице-мэри Азамат Сагындык уулу жана Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев да кызматтан алынды. Алардын ордуна вице мэрликке Азат Узаков, ал эми акимдикке буга чейин мэрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17809