Президенттик администрация резиденцияда жашагандар боюнча "Адилеттин" кайрылуусуна жооп берет

0

Президенттик администрацияга "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашагандар тууралуу кайрылуусу келип түштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кайрылуу белгиленген тартипте каралып, жообу арыз ээсине берилет.

"Адилет" укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу уюм өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна 2-сентябрда билдиришкен.

Резиденция президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына карайт. “Адилеттин” маалыматына караганда, аталган мекемеге 2021-жылга мамлекеттик бюджеттен 662 миллион сом бөлүнгөн, бул 2020-жылга салыштырганда 8 миллион сомго көп.

Уюм “Ала-Арчадан” тышкары мамлекеттик резиденциялар Ош, Чолпон-Ата, Жалал-Абад жана Талас шаарларында да бар экенин, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына атайын оорукана, бала бакча, автотранспорт ишканасы, аңчылык чарба, курулуш ишканасы жана башка да мекемелер кирерин белгилеген.

Жакында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) резиденцияда жашоо укугуна ээ кызматкерлердин катарына кирбесе да мекеменин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев “Ала-Арчада” жашап жатканы, уулунун үлпөт тоюн өткөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ютубдагы Temirov Live KG каналы бул боюнча иликтөө жарыялаган.

“Азаттык” бул маселеге байланыштуу 2-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматына кайрылганда “Комментарий жок” деген жооп алды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17814