Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-октябрга чейин камакта калды

0

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-октябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу 3-сентябрда адвокат Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" кабарлады.

 

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, учурда Молдокматов Бишкектеги жеке менчик "Бикард" клиникасында дарыланууда. Ага жүрөгүнө операция жасалган.

 

Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган саясатчы ден соолугуна байланыштуу 19-августта борбор калаадагы №47 колонияга, кийин операция жасатуу үчүн менчик клиникага чыккан.

 

Президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна президент Садыр Жапаров саясий куугунтукка аралашпай турганын билдирген. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17820