Абдил Сегизбаев ооруканага которулду

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, учурда абакта отурган Абдил Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага которулду. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева ырастады. Ал Сегизбаев эмнеси ооруп ооруканага түшкөнүн айткан жок. Бирок, социалдык тармакта жакында операция болушу мүмкүн деген маалыматтар желдей тарады.

Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар.

Сегизбаев мекемени 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17822