Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 75ке жетти

0

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, жазуу түрүндө билдирме тапшырган партиялардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  кабарлады. Партиялардан билдирме кабыл алуу убактысы 18:00дө токтоду.
Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу аймактардан чыкчы талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17823