Жалал-Абад облусунда 3 жаран «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты

0

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 3 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 16 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле 8 айда чет элдик жарандарга (студенттерге), жогорку жана орто билим берүү мекемелерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=EvMmM432i-Y видео ушул ссылкада.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17942