Соцтармак ЖМКлар үчүн кандай жардам бере алат? SMM адисинин жообу

0

Нарын шаарында “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең” темасындагы республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтүүдө.

Медиафорумдун алкагында өткөн “Социалдык тармактар жана медиа” сессиясынын спикери, SMM адиси Орозгүл Арстанова Кыргызстанда социалдык тармактар арасында эң чоң аудитория Instagram'да (2,9 млн) экендигин айтат. “Кийинки орунда Youtube (2 млн), Одноклассники (800 миң), Facebook (770 миң) соцтармагы турат. “Соцтармак ЖМКлар үчүн кандай жардам бере алат?” деген суроого жооп бере кетсем, социалдык тармак өзүн таанытуу, аудитория топтоо, маалыматты жайылтуу, маалымат топтоо, багытын аныктоо жана кошумча каражат табууга жардам берет”, - дейт ал.

Арстанова ЖМКда иштеген кабарчыларга да SMMдин маанилүүлүгүн айтуу жана SMM адистерди окутуудан өткөрүп туруу маанилүү экендигин белгиледи.

“ЖМК жетекчилери SMM адисинин иш убактысын ийкемдүү графикке ылайыктоосу, таргетке, акы төлөнүүчү программаларга каражат бөлүүсү, бардык соцтармактардын сыр сөздөрүн жана логиндерин, ал кайсы почтага, телефон номерге байланганы боюнча юридикалык документти сөзсүз түзүүсү керек”, - деди SMM адиси.

Арстанова туруктуу иштеген соцтармактан бир айда болжол менен 100дөн 1,5 миң долларга чейин каражат тапса болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында төмөнкү темалар каралат:

1. “Социалдык тармактар жана медиа”;

2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;

3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;

4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;

5. “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;

6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;

7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;

8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери”.

Медиафорум эртең, 9-сентябрь күнү да уланат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17949