Талас шаардык ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам беришти

0

Бүгүн 8-сентябрь күнү Талас ШИИБнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаңы окуу жылына карата алдын ала даярдыктарды көрүү үчүн Талас шаарынын аймагында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында иштерди жүргүзүштү. 

Иш-чаранын алкагында Талас ШИИБнүн начальниги милициянын полковниги Асрол Тантиевдин демилгеси менен көп балалуу жана турмуш шарты оор, аз камсыз болгон бир үй-бүлөнүн балдарына мектепке керектелүүчү куралдарын жана кийимдерден алып беришти.

Ошондой эле, Талас ШИИБнүн начальниги Асрол Тантиев келечек биздин жаш муундарда демекчи, ар бир мектеп жашына жеткен уул-кыздарыбыз мектепке барып билим алуусу зарыл экендигин айтты. Мындан тышкары көп балалуу жана турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү иш-чарасын токтотпостон уланат деп билдирди.

Талас ОИИБнын басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17963