Россиянын ӨКМ башчысы каза болду

0

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жетекчиси Евгений Зиничев адам өмүрүн сактайм деп жатып каза болду. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыкты.

«Россиянын ӨКМи терең кайгыруу менен Евгений Зиничевдин дүйнөдөн өткөнүн кабарлайт. Ал Арктикада өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ведомстволор аралык машыгуу учурунда адам өмүрүн куткарууга аракет жасайм деп жатып каза болду», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок. Бирок «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньяндын айтымында, Зиничев кырда турган оператор тайып кетип сууга кулаганда, аны куткарам деп артынан секирген. Тилекке каршы, ал ташка урунуп каза болгон. Сууга кулаган оператор дагы көз жумган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17965