Пайызсыз микро жага орто бизнеске каржылык жардам катары 72 млн $ бөлүнөт

0

Экономика министрлиги Азия инфраструктуралык инвестиция банкы менен бирдикте жеке жана каржылык секторду колдоо үчүн 72 мл.н $ бөлдү. Бул тууралуу бүгүн 8-сентябрда банктын өкүлдөрү мннен жоолугушууда экономика жана Каржы министри Руслан Татиков менен Борбордук казынанын директору Заир Чокоев билдирди.

Алардын сөзү боюнча, долбоордун максаты орто жана кичи бизнести колдоп, кризистен чыгуу жана жумушчу орундарды сактап колуу. Экономика министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева долбоорго 72 млн $ пайызсыз кайтаруу жолу менен берилди.
Анын: 30 млн $ (100 миң сомдон ар бирине) кичи бизнестин ишкерлерине берилет. Кичи жана орто ишканалар, юридикалык жана физикалык жактар 42 млн $ алышат (ар бирине 825 миң сом ар бирине).
Тийешелүү келишимге "Азия Банкы", "Финанскредит банк", "Айыл Банк" жана "КБ Кыргызстан" кол коюшту.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17967