Шаршемби күнү журналист Мелис Эшимкановду эскерүү иш-чарасы өтөт

0

Белгилүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимканов эскерилет. Бул туурасында журналисттин жубайы Асел Эшимканова билдирди.

Иш-чара 15-сентябрь күнү саат 11:00дө маркумдун "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү эстелигинин алдында өтөт.

"Журналистика чөйрөсүндөгү, чыгармачылыктагы ага-эжелер, кесиптеш-замандаштар, саясаттагы үзөңгүлөштөрү, жалпыңыздарды кайталангыс инсанды бирге эскерүүгө чакырабыз!" — деп кайрылды Эшимканова.

Эгемен Кыргызстандын журналистикасынын чыйыр салуучуларынын бири, калеми күчтүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, азыркы кыргыз басма сөзүндө эмгектенген журналисттердин жоон тобунун устаты Мелис Эшимканов көзү тирүү болсо быйыл 59 жашка чыкмак. Ал мындан 10 жыл мурда жарык дүйнө менен кош айтышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18089