ИИМ: Кочкор РИИБдин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен чечишүүдө

0

2021-жылдын 10-сентябрь күнү Кочкор РИИБдин милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Чолпон, Оробашы, Туз жана Ак-Учук айылдарын кыдырышып, жеринен арыз-даттанууларды кабыл алуу, көйгөйлөрүн чечүү максатында кезектеги жолугушууну өткөрүштү. Жолугушуу учурунда жергиликтүү элдер Чолпон МАБнын милициянын аймактык инспекторлору эл менен бирдикте иш алып барышып, көйгөйлөрүн жеринен чечип бергендери үчүн аларга ыраазычылыктарын билдиришип, милициянын көчмө кабылдамасы оң натыйжа берип жаткандыгын белгилеп өтүштү. 

Белгилей кетсек, милициянын көчмө кабылдамалары райондордун алыскы аймактарында иш алып барат. Туристтер дагы, жергиликтүү тургундар да милициянын көчмө кабылдамасына ар кандай көйгөйлөр жана суроолор боюнча кайрылып, кеңештерди жана юридикалык жардамдарды алышса болот. Ар бир учурда жооп берүү чаралары мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлөт. Керек болсо жарандар аларга арыз менен кайрыла алышат, алар дароо катталып, аймактык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.

  2021-жылдын 1-январынан ушул убакка чейин Кочкор РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:

- Кочкор районунун калктуу конуштарына милициянын көчмө кабылдамасы менен 86 жолу чыгышкан. Жалпысынан 195 тургун кайрылган, анын ичинен 194 социалдык маселелер боюнча. 

- 1 материал КЖБРге катталган;

- Бузуулар Кодексине ылайык 3 протокол түзүлгөн;

Кочкор районунун ИИБдин милициясынын көчмө кабылдамасы жарандар менен жолугушууда мал уурулуктун алдын алуу боюнча баракчаларды чыгарып, жарандарга оозеки юридикалык кеңештерди беришүүдө. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18095