Ак-Буураны көрктөндүрүү долбоору боюнча Ош мэриясына кылмыш иши козголду

0

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгон деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мэрияга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 8-сентябрда маалым болду.

Атайын кызматтын маалыматында факты боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 2021-жылдын 13-февралында катталган.

УКМКнын басма сөз кызматы кайсы кызматкерлердин үстүнөн иш козголгонун ачыктаган эмес. Ош шаардык мэриясында курулуш тармагына жооптуу вице-мэр Жасур Азимов да УКМК тергөөгө эч ким чакырыла электигин айтты.

Долбоор 2020-жылы башталып, аны эки жылда бүтүрүү пландалган. 252 миллион сомго бааланган долбоордун тендерин «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18098