Мелис Мырзакматов: Шайлоо таза өтпөйт

0

«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтпөй турганын белгиледи. Бул тууралуу ал Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо таза өтүү үчүн шайлоо системасына 2 өзгөртүү киргизүү керек.

«Мен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо да айткам азыр да айтам, шайлоо таза өтпөйт.

Анткени бизде таза шайлоого эл да талапкер, партия да даяр эмес.

Таза шайлоо өткөрүү үчүн БШК таза болушу керек. Бийликтин айтканын жасабай элдин добушун так көрсөтүшү керек.

Мындан сырткары, шайлоо серверине ар бир партиянын өкүлү көз салыш керек, антпесе БШК каалагандай калчайт. Болбосо биометрикалык системадан Акаевдин убагындагы шайлоо кодексине кайтыш керек»,- деди Мелис Мырзакматов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18100