БШК: "Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүү үчүн 2 жарандан арыз түштү"

0

Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүү үчүн 2 жарандан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча, Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18105