"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору кызматтан бошотулду

0

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, Турусбек Түмөнбаев 2020-жылы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалган. 

11-сентябрда Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18116