Айзада Канатбекованы уурдагандарга соттун өкүмү чыкты

0

Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду.

14-сентябрдагы отурумда сот беш кишини күнөөлүү деп таап, Сыймык Молдосариев, Ажикабыл Рысбай уулу жана Орузбек Нурумбетов жети жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов алты жарым жылга кесилишти. Булар Айзаданын өлүмүнө катышы бар деп табылган. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

5-апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18132