Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, “Тынчтык сабагын” өтөрүн билдирди.
Марипов класстык саатты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтөрүн жазган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.