Өлкөдө соңку суткада COVID-19 инфекциясы 82 адамдан тастыкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору жуктургандар:
Бишкек — 40;
Чүй облусу — 19;
Талас — 3;
Нарын — 5;
Ысык-Көл — 7;
Жалал-Абад — 6;
Баткен — 2.
Ушуну менен вируска кабылгандар баш-аягы 177 308ге жетти. Бир сутка ичинде 127 адам айыгып, сакайгандардын жалпы саны 171 650 болду. Жугуштуу дарттан эки киши көз жумуп, пандемиядан бери 2 576 бейтап өмүрү менен кош айтышты.
Ошондой эле стационарда 605, амбулатордук түрдө 1 016 адам дарыланууда.