ОшМУнун окутуучусу пара менен кармалды

0
 

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу студентти окуу жайга киргизүү үчүн 13-сентябрда 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Милициянын маалыматында, баласын окууга тапшыртуу үчүн келген Ноокат районунун тургунунан мугалим 1200 АКШ долларын талап кылган. Ал милицияга кайрылган.

Шектүү мугалим алгачкы көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Милиция шаардагы Киров атындагы мектептин мугалимин да кармады. Ал окуучуну мектепке киргизүү үчүн 2000 сом пара алган. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18145