Көмүрдүн баасы кымбаттаган эмес — “Кыргызкөмүр” ишканасы

0

Көмүрдүн баасы 1 тоннасына 1 миң 330 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Мирлан Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, калк үчүн көмүр Кара-Кечеден октябрдан баштап ташыла баштайт.

“Көмүр баарына жетет”, - дейт ал.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18146