№1 абакта денеси күйүп, андан соң асынган абалда табылган соттолуучунун өлүмү. Кылмыштын бети 2 жылдан кийин ачылды

0

ИИМдин кызматкерлери өзгөчө мыкаачылык менен №1 абакта өлтүрүлгөн жарандын ишинин бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-декабрь күнү №1 абакта соттолуучу денесинин баары күйүп, андан соң асынган абалда табылган. Ал 1996-жылы туулган У.у.Э. аттуу соттолуучу болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектүү катары 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну Ж.у.Т. кармалган. Ал учурда абакта бир канча берене боюнча жазасын өтөп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат жана абакта "смотрящий" атка ээ экени жазылат маалыматта.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18147