Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

0

2021-жылдын 26-август күнү 1985-жылы туулган С.Т. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анда ушул жылдын 25-августуна караган түнү Ново-Павловка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринен анын телефонун жана 17 500 сом акчасын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери боюнча катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын КМКнын жана Сокулук районунун ИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18155