ИИМ: Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" деген айыптын негизинде кармалды

0

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" деген айыптын негизинде кармалды деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу, К.Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18172