Бүгүн өрттөн эки бөбөк каза тапты

0

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында короодогу чөп өрттөнүп, андан кичинекей кыз менен эркек бала каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Кырсык түш ченде болгон.

"ӨКМге өрт жөнүндө маалымат түшүп, саат 15:00дө чектөөгө алынып, 17:45те толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 2017-жылы туулган кыз жана 2015-жылы туулган эркек бала каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Короодогу күйгөн 600 түк чөп балдардын өмүрүн кошо ала кеткен. ӨКМден кайгылуу окуянын эмнеден келип чыкканы такталып жатканы айтылды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18173