Россияда "Акылдуу добуш берүүнүн" айынан Google Docsту блокко сала баштады

0

Россияда операторлор Google Docs кызматына бөгөт коё баштады. Бул боюнча Meduza GlobalCheck орусиялык интернетти чектөө тутумун көзөмөлдөө долбооруна шилтеме берүү менен маалымдаган.

Маалыматта, docs.google.com сайты "Мегафон", "Ростелеком" жана МТС операторлору тарабынан жабылып жатат. "Роскомсвобода" долбоору үзгүлтүктөр Tele2 колдонуучуларынын арасында да байкалып жатканын билдирет.

"Бөгөттөө Google Docs кызматында "Акылдуу добуш берүү" тизмелерин жарыялоого байланыштуу болушу мүмкүн" деди GlobalCheck.

17-сентябрда баштала турган үч күндүк добуш берүүгө эки күн калганда тагыраагы 15-сентябрда эртең менен Алексей Навальныйдын командасы Мамлекеттик Думага талапкерлер "Акылдуу добуш берүү" боюнча сунуштарды берген.

Акыркы апталарда Роскомнадзор Орусиядагы "Акылдуу добуш берүү" веб-сайтын, ошондой эле "Акылдуу добуш берүү" функциясы бар Навальный тиркемесин жаап салган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18242