"Мите курттардын айынан баарыбыз бири-бирибизге катуу сын-пикир айттык". Ахматбек Келдибеков Жапаров, Ташиев менен болгон достук мамилеси тууралуу

0

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков болду.

"Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен достук мамилеңиз барбы? Акыркы жолу качан сүйлөштүңүз", - деген суроо берилди.

"Эки эле сөз менен айтсак болот. Башыбыздан көп нерсе өттү. Кызматта жүрдүк, парламентке жеңип келдик. Түрмөгө дагы отурдук. Ошол үчүн "эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт" деп айтып келем. Дос болгонубуз, бири-бирибизди колдогонубуз, жаш кезибизден бери көп нерсени көрдүк. Мите курттардын айынан баарыбыз бири-бирибизге катуу сын-пикир айттык. Ушунун баарынан сабак алышыбыз керек. Жакшы жагын колдоп, эгерде кемчилдиктер кетсе биз адам катары, дос катары дайыма бетке айтышыбыз керек.

Садыр Нуркожоевич менен акыркы жолу ал грамота алганда жолуктук. Ал эми Камчыбек Ташиев менен тойлордо, ар кандай иш-чараларда жолугуп эле турабыз", - деп жооп берди Келдибеков.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18254