Балбак Түлөбаев: Аттын изине, иттин изи аралашып кетти...

0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри өлкөдө болуп жаткан жагдайлар боюнча кыскача пикирин Фейсбук баракчасынан төмөнкүдөй билдирген:

- Аттын изине, иттин изи аралашып кетти. Авамды уят кылып бүтмөй болдуңар. Ой койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай. Андан көрө маданият ит ыйлай турган ахбалда. Ошону көтөрчү биринчи. Ким ушуну ойлоп таап сунуштаса акылыңарга береке.
Ой элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай атсак. Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн!. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен, ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле.#өлкөаманболсун
скриншот из социальных сетей
Эске сала кетсек, мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

Катты жазганын айткан Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова президентке “адамдарды чогултуп, ызы-чуу жана тополоң кылгысы келгендерге чара көрүү, аларды тартипке чакыруу” демилгеси менен кайрылганы чын экенин, текст бурмаланып жарыяланып кеткенин, түп нускасында бир да саясатчынын аты жазылбаганын, 100 миң киши тууралуу да сөз болбогонун “Азаттык” радиосуна билдирди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18257