Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевге жолугушууга барат

0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурунку президент менен жолуга тургандыгын социалдык баракчасына жазган.

Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, белекке торт, кремдер жыйнагын, президенттин рамкага салынган сүрөтүн жана гитараны берет.

"Урматтуу достор! Экс-президентибиздин тагдыры үчүн санааркап жаткандардан куттуктоолоруңарды жана саламдарыңарды айта барам. Мынакей, белектерди (гитара үчүн Деним Колючийге ыраазычылык) алып, жолугушууга камындым. №47-түзөтүү колониясына, анын кабылдамасына барганга караганда көбүрөөк келчү болдум. Биз туруштук беребиз, чындык акыры жеңет!" - деп жазган.

Эске салсак, Атамбаев ыр жазып, гитара чертет. Бир эки альбом да жаздырып жетишкен. Анын эң атактуу ыры "Судьбе назло" деп аталат.

Андан тышкары "Форум" имаратынын жанында Атамбаевдин туулган күнүнө карата митинг өтө турганы белгилүү болду. Анын кызы Алия Шагиева атасынын 65-жаш мааракесине арнап, Ала-Тоо аянтында көркөм сүрөт карышылык акциясын өткөрүүнү пландап жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18260