Панфилов РИИБинде шектүү оозун зым менен тигип, нараазычылык билдирген. Чүй ОИИББи окуянын чоо-жайын айтты

0

Панфилов РИИБинде шектүү оозун зым менен тигип, нараазычылык билдирген. Чүй ОИИББи окуянын чоо-жайын айтты

Чүйдүн Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайында шектүүлөр аларга карата жасалган мыйзам бузууларга карата ызы-чуу чыгарды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү Панфилов РИИБинде "адам өлтүрүүгө аракет кылган" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинде 1993-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал 2 айга камакка алынып, тергөө иштери аяктаган соң иш сотко өткөн. 

"14-сентябрь күнү кылмышка шектүү А.А. биринчи соттук отурумдан кийин оозун зым менен тиккен. Ага медицина кызматкерлери чакыртылып, денесине башка жаракаттарды жасабаганын аныкташкан. Эртеси шектүү оозундагы зымын өз эрки менен алган.

15-сентябрь күнү шектүү А.А.ны жана башка шектүүлөрдү СИЗО-1ге алып барышканда алар унаадан түшпөй, өздөрүнүн нараазычылыктарын билдиришкен. Мындан улам алардын жакындары ызы-чуу чыгарып, туура эмес маалыматтарды таратышкан. Бул окуядан кийин шектүүлөр кайра Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда алар дагы деле аталган жайда кармалып турушат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18262