Жолдошева милицияга чакырылып, сурак бербей чыкканын билдирди

0
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева 16-сентябрда милицияга чакырылганын, бирок сурак бербей чыкканын билдирди. Ал "Азаттыкка" чакырууга айрым маданий кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу себеп болгонун маалымдады.
"Мени саат 14:00гө чакырган. Кайрылуу президентке жазылган. Ошондуктан президенттин колу коюлган, андан ИИМдин жетекчилиги Улан Ниязалиевге келген, андан Тергөө кызматына тапшырма берилген документти көргөзгүлө деп талап кылдым. Экинчиден, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталышы керек. Анда кайсы номерде, кайсы күнү саат канчада ачылган ошону көрсөтүүнү талап кылдым. Мыйзам боюнча ошондой болушу керек. Мен сурак берген жокмун, анткени алар ошондой катты көрсөтө алышкан жок", - деди Жолдошева.

Экс-депутат кайрылууну бурмалаган жана жасаган тарапты аныктап, жоопко тартууну, президенттин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, ИИМ жетекчиси Улан Ниязалиевдин, ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчи орун басары Нурдин Эшимкан уулунун кызматтан кетишин талап кыларын билдирди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18267