Экөө тең өздөрүнө коюлуп жаткан айыпка макул болушкан жок жана муну "жалаа" деп эсептеп жатышат.
Ички иштер министрлигинин 16-сентябрда тараткан маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат. Анын негизинде 98-беренесине ылайык, шектүү катары 14-сентябрда Курсан Асанов, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары Жогорку Кеңештин бир нече мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган. Сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.