УКМК: "Кыргызстан" партиясынан шайланган мурдагы депутат кармалды

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 16-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган экс-депутат, УКМК билдиргендей, шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган. Шектүүнүн бөгөт чарасы жакын арада аныкталат.

“16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында жана алынган далилдердин негизинде Ч.Р. Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалды” деп билдирди УКМК.

Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, сөз мурдагы депутат Руслан Чойбеков жөнүндө болууда.

Кармалган адамдын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага катышкан "Кыргызстан" партиясына Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 16сы тийген. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18281