БШК кээ бир шайлоо участкаларынын чек араларын өзгөрттү

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-сентябрдагы жыйынында » Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун округдун чеги шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги айырмачылыкка байланыштуу өзгөргөн. Айрым округдардын аталышы да өзгөртүлдү.

«Округдардагы негизги талаптардын бири шайлоочулардын саны бирдей болушу керек. 20 пайыз өйдө-ылдый болушу мүмкүн. Айрым округдарда 80 миң, кээ бирлеринде 120 миң болгон учурлар бар эле. Айырмачылык өйдө-ылдый кетип өзгөртүүгө туура келди. Чет өлкөдөгү жарандарыбыздын тизмеси көбөйгөнү, бул жактан каттоодон чыгып Орусияга турганы да себеп болду. Ош шаарынан эки округ болгон эле ал жерде бир округ болуп калды. Ош шаарында 150 миң шайлоочу Кара-Суу районунун шайлоочулары менен биригип, эки округду түзүп жаткан. Кара-Суунун бир бөлүгү Араванга кетти. Кемин округу, Чүй-Кемин болуп өзгөртүлдү», — деди Бекматов.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Жалпы өлкө боюнча партиялык система менен өтчү шайлоого 75 партия арыз берген. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18283