Алмаз Сарыбаев 15-ноябрга чейин камакта калтырылды

0

Биринчи Май райондук соту Алмаз Сарыбаевди 15-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 16-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү А.А.Сарыбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары 2021-жылдын 15-ноябрына чейин камакка алуу түрү тандалды. Ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган.  Анын атасы Айылчы Сарыбаев «Тергөөчү «эгер Курсан Асановго көрсөтмө берсең кое беребиз, көрсөтмө бербесең сени «караларга» салып берип, эзебиз» дептир. Тергөөчүнүн фамилиясын билбей жатам. Бул буйрутманы ким бергенин, Ташиевби же ИИМдин министриби, билбей жатам», — деген ал.

Айылчы Сарыбаев уулунда эч кандай күнөө жок экенин жана курал-жарак камдап бийликти басып алуу тууралуу айтпаганын, ага аракет кылбаганын белгиледи.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18284