Жалал-Абад: Чатырдан секирди деген өспүрүм кыздын өлүмү иликтенүүдө

0

Жалал-Абадда өспүрүм кыздын өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-сентябрда болгон. Облустук ооруканадан кыздын сөөгү келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген.

Баштапкы териштирүүнүн жыйынтыгында 12 жаштагы кыз өзү жашаган көп кабат үйдүн чатырынан секирип каза болгону аныкталган.

Кыз суицидге барганбы же кокустук болгонбу, азырынча белгисиз.

2020-жылы Кыргызстанда 44 өспүрүмдүн өлүмү суицид катары катталган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18287