Жактоочу Курсан Асановду №50 абакка камакка алуу чечими боюнча шаардык сотко кайрылат

0

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы кечээ, 16-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал 14-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Жактоочу Икрамидин Айткуловго байланышканыбызда, ал Курсан Асановду №50 абакка камоо чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди.

"Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралган соң анын №50 абакка камакка алынышы боюнча мен Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылам. №50 абакка өтө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер кармалат. Ал жерде адам өлтүргөнү, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар дегендей. Асановду ал жакка алып барганы бул мыйзамсыз. Алар мындай чечим менен Асановду коркутуу, үркүтүү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Асановдун абактагы коопсуздугу эми ЖАМКнын моюнунда", - деп билдирди Айткулов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18304