Мариповдун Facebook жана Instagram баракчалары верификациядан өттү

0

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Facebook жана Instagram баракчалары верификациядан өттү. Өкмөт башчынын Facebook баракчасына 25 миңге жакын адам катталган. Ал эми "Инстаграммына" катталгандардын саны 27 миңге жакын. Марипов өзү президент Садыр Жапаровдун гана (@sadyr_japarov) баракчасына катталган. Мамлекет башчынын баракчасы да верификациядан өткөн. Ага 337 миң киши катталган, Жапаров бир дагы баракчага жазылган эмес. "Фейсбуктагы" баракчасына жазылгандар 50 миңден ашуун.

Кыргыз аткаминерлери дүйнөлүк тенденциядан артта калбай, "Фейсбук", "Инстаграм", "Твиттер" баракчаларын ачып, иштетип келатышат. "Одноклассники", "ВКонтакте" өңдүү желелерди көп колдоно беришпейт. "Медиа өнүктүрүү борборунун" буга чейинки изилдөөсүнө караганда, кыргызстандык аткаминерлер баракчаларын расмий каттоодон өткөрүү жаатында чет элдик саясатчылардан ат чабым артта.

Кыргызстандык саясатчылардын көбүнүн социалдык желеде аккаунттары бар. Бирок верификация алынбагандыктан, алардын кайсынысы чыныгы экени белгисиз. Андан тышкары, тигил же бул саясатчыны жактаган атайын баракчалар да бар Мурдагы президенттерден Роза Отунбаеванын "Твиттердеги" аккаунту верификациядан өткөн, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун "Фейсбукта", "Инстаграммдагы" баракчалары расмий макамда иштейт. Алмазбек Атамбаевдин атында бир канча баракча бар, бирок верификациядан өткөн профилдерин таба албадык. Экс-премьер-министрлерден Өмүрбек Бабановдун "Фейсбуктагы", Темир Сариевдин "Твиттердеги" барактарында расмий макам бар.

Интернет желеде эл менен пикир алмашып, жарандардын суроолоруна жооп бергендери саналуу эле. Алардын катарын Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Дастан Бекешов, Жанарбек Акаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Исмаилова, Исхак Пирматов, Элвира Сурабалдиева, Жылдыз Мусабекова, Исхак Масалиев, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров өңдүү саясатчылар толуктайт. Булардын арасынан Элвира Сурабалдиеванын гана "Фейсбуктагы" аккаунту расмий каттоодон өткөн. Депутат Бакыт Төрөбаев "Инстаграмдагы" баракчасына верификация алган. Кыргыз дипломаттарынан Британиядагы элчи Эдил Байсалов "Твиттердеги" аккаунтун верификациядан өткөргөн.

Көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери социалдык түйүндөрдү эл менен баарлашуу, жасаган иши тууралуу отчет берүү, өз саясатын жайылтуу үчүн колдонуп жүрүшөт. Алардын верификация алган баракчаларындагы маалыматтарды жалган эмес, расмий маалымат катары кабыл алса болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18306