Стадиондо 500-600 адам эмнеге топтолгону айтылды

0

17-сентябрда Д.Омурзаков стадионунда (болжол менен 500-600) адам топтолду. Айрым адамдарда "Друженник" же болбосо "ДНД" чыптамалары бар. Аталган стадиондо машыгуу болбойт.

Ушул эле жерде эки автобус тургандыгын Кактум.медиа жазды. Уюштуруучулардын бириси чыгып, алар мамлекетте башаламандык жаралса, даяр тургандыгын белгиледи. Кечке дейре аларга тамак уюштурулат.

Ал эми бул акцияны ким каржылап жаткандыгы белгисиз.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18307