Биз ырайым сурабайбыз, - Сапар Исаковдун жактоочусу

0

«Биз ырайым сурабайбыз»,- деди мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кызыкчылыгын коргогон Нурбек Токтакунов «Тазабек» басылмасына.

Бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевге ырайым кылды. Бул тууралуу «Тазабек» басылмасына Калиевдин жактоочусу Эрнис Саданбеков билдирди.

Н.Токтакунов ырайым кылуу күнөөнү моюнга алуу экенин айтты. «Айбек Калиев саткынчылык компромисске барды. Менимче, аны бул кадамга жактоочу Мощин түрткөн. Ал эми Сапар Исаков боюнча соттон акыйкаттыкты сурайбыз», - деп кошумчалады ал.

2020-жылдын 10-октябрынан кийин С.Исаковдун кайда экени белгисиз. Октябрь окуяларынын натыйжасында бошотулган башка адамдар сыяктуу ал дагы түрмөгө кайтып барган эмес.

Буга байланыштуу ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18308