Чуу менен иштен кеткен Түмөнбаевдин ордуна "Унаага" жаш жетекчи дайындалды

0

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору болуп 34 жаштагы Рустам Жокоев дайындалды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. 

Буга чейинки жетекчи Турусбек Түмөнбаев ушул аптада чуулуу иштен кийин ээлеген кызматынан бошотулган. 26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын билдирген. Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18312