Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү белгиленип жатат

0

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 65 жашка чыкты. Кой-Таш айылындагы резиденцияга Атамбаевдин тарапташтары келип туулган күнүн белгилеп жатышат.

Уюштурулуп жаткан иш-чарага Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, "Кыргызстан социал –демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр келген.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча 2019-жылы камакка алынган.Учурда ага карата бир нече кылмыш иши козголгон.

2020-жылдагы 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын бир тобу абактан мыйзамсыз чыккан. Кийин 10-октябрда кайра камакка алынган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18313