Темирлан Султанбеков суракка чакырылды

0

"Социал-демократтар" саясий партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Ал бүгүн 65 жашка толгон Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап социалдык тармактагы баракчасына пост жазган.

Саясатчы постун жазып жаткан убакта ага телефон чалышып, ИИМдин тергөө башкармалыгына чакырышканын кошумчалады. Бирок, ал кайсы иш боюнча ИИМге чакырылганын жазган эмес.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18317